Айыл чарба министри өлкөдө тоют жетиштүү экенин билдирди

Аскарбек Жаныбеков.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков быйыл Кыргызстанда малга тоют жетиштүү экенин Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын 29-сентябрдагы жыйынында айтты.

Ал өлкө боюнча 329 миң гектар жерде көп жылдык чөп өсөрүн, быйыл Чүй облусунда суунун тартыштыгынан улам тоют аз жыйналып калганын билдирди.

“Суу тартыштыгынан улам Чүйдө сууну адегенде кант кызылчасына жана жүгөрүгө, малина менен кулпунайга, анан чөпкө бердик. Ошол себептүү быйыл тоют аз жыйналып калды. Бирок чыктуу тоюттар жылдагыдан көп топтолду”, - деди министр.

2020-жылы Кыргызстанда тоютту сыртка сатууга салынган тыюунун мөөнөтү быйыл дагы алты айга узартылган. Министр тоютту импорттоого жеңилдиктер берилгенин кошумчалады.

Министрликтин маалыматында, өлкө аймагында 1 млн 750 миң 467 бодо, 6 млн 278 миң кой, 547 миң баш жылкы бар.

Кыргызстандык фермерлер быйыл өлкөнүн көпчүлүк аймактарында тоют жакшы болбой калганын айтышууда. Мындан улам бир таңгак чөп быйыл 450-350 сомго чыкты. Былтыр 250-350 сомдон сатылган.

Быйыл кышында кар аз жаап, жайкысын күн ысык болгондуктан, тоют аз камдалды. Айрым аймактарда калктын басымдуу бөлүгү мал чарбачылыгы менен тиричилик кылат.

Дагы караңыз

Орусияда украин аймактарынын аннексияланган күнү майрамдалатБашкы прокуратура Абдырасуловдун иши боюнча маалымат тараттыБерлинде президент Жапаров кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолуктуТокаев Астана Орусияга каршы санкцияларды аткара турганын билдирди