Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы мекеменин Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Рустам Абдрасуловдун кармалышы боюнча 28-сентябрда маалымат таратты. Анда көзөмөл органы жасалма документтер менен коммерциялык банктарынын биринин кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда 1 млрд. 478 млн. орус рублин чыгарып кетүү фактысын тергеп жатканы айтылат.
Мекеме бул иштеги күнөөлүүлөрдү аныктап, 20 млн. АКШ долларын анын ээси болгон орусиялык ишкерге өндүрүп берген.
“Калган 762 миң 500 доллар жума күнү иш убактысы аяктап калган маалда өндүрүлгөн. Ал убакта банктар жабылып калганы үчүн ал акчаны кызматтык сейфте убактылуу сактап, кийин банкка өткөрүп берүү үчүн бөлүмдүн башчысы Абдырасуловго берилген. Бирок кийинки аптанын башында Абдырасулов үч күн катары менен жумушка чыккан эмес. Буга байланыштуу инвентаризация жүргүзүлгөн учурда анын кызматтык сейфинде акча каражаты жок болуп чыккан. Ошол үчүн Абдырасулов бул акча каражатын таратып ийген деген шек пайда болгон. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы дароо кармалган”.
Расмий маалыматка ылайык, 21-сентябрда Аскер прокуратурасы бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп Рустам Абдрасулов кармалган.
Мекеме билдиргендей, Абдырасулов кармалгандан эртеси күнү анын жакындары 762 миң 500 долларды алып келип, тергөөгө өткөрүп берген.
Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары өткөн жумада ишенимдүү булактарына шилтеме берип, Рустам Абдрасулов 700 миң доллардан ашык каражатты сейфтен алып, букмекердик конторага уттуруп жибергенин, ал Бишкек гарнизонунун жаза өтөөчү жайына (гауптвахта) камалганын жазышкан. Бирок Башкы прокуратура ал акчаны уттуруп жиберген деген маалыматты четке кагып, мыйзамга ылайык, кыргызстандык жарандарга өлкө аймагындагы кумарканаларга кирүүгө тыюу салынганын билдирген.
Учурда козголгон кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат. Ал эми Рустам Абдырасулов убактылуу жайда кармалууда.
Жогорку Кеңештин 28-сентябрдагы жыйынында депутат Шайлообек Атазов Абдырасуловдун кармалышы боюнча маалымат алууну сунуштаган.
Дагы караңыз
Берлинде президент Жапаров кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолуктуТокаев Астана Орусияга каршы санкцияларды аткара турганын билдирдиHRW абактагы Тажимуратовдун коопсуздугун камсыздоого чакырдыКыргызстандын Германиядагы элчилигинде “Бала манасчы” айкели орнотулду