Жанар Акаев зордуктоо менен соттолгон 88 адам пробация менен чыгып кеткенин айтты

Жанар Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Кыргызстанда 2022-жылдын башынан бери 16 жашка чыга элек балдарды, өспүрүмдөрдү зордуктаган деген айып менен соттолгон 88 адам сот чечими менен абактан пробация аркылуу чыгып кеткенин билдирди.

Бул тууралуу ал парламенттин 28-сентябрдагы жыйынында айтты.

Жанар Акаев абактан бошонуп чыгып кайра зомбулук көрсөткөн да фактылар бар экенин, мындай айып менен соттолгондорго пробация колдонулбашы керектигин кошумчалады.

“Соттор ушундай жылчыкчаларды таап алган. 16 жашка чыга элек балдарды зордуктаган кылмышкер, мыкаачыларга пробация иштебеши керек. Алар түрмөдө жазасын тартышы керек”, - деди депутат.

27-сентябрда Чүй облустук соту Селекцияда бычакталган келиндин мурдагы күйөөсүн (А.Э.) “Зордуктоо” беренеси менен мурда козголгон иш боюнча сегиз жылга эркинен ажыратты. Облустук сот, Сокулук райондук сотунун 2023-жылдын 17-апрелиндеги чечимин өзгөртүп, шектүүгө карата пробациялык мөөнөттү алды.

Селекцияда 36 жаштагы келин мыкаачылык менен запкы көргөндөн кийин жабырлануучу мурдагы күйөөсүнө каршы буга чейин бир нече жолу милицияга кайрылып, иш сотко өткөнү ачыкка чыккан. Шектүүгө эки жолу зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгону, бирок сот аны пробация менен бошоткону белгилүү болгон.

Жогорку Соттун түшүндүрмөсүнө караганда, биринчи кылмыш иши былтыр 19-октябрда Сокулук райондук сотунда каралып, кыскарган.

Буга жабырлануучунун тосмо арыз бергени жана сот отурумунда тараптар элдешкени себеп болгон.

2019-жылы күчүнө кирген “Пробация жөнүндө” мыйзамга ылайык, кылмыштардын айрым жеңил түрлөрүнө абактан сырткары жаза каралат. Ага ылайык, айыпкер коомдук иштерге тартылат, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же кайсы бир иш менен алектенүү укугунан ажыратылат, түзөтүү иштерине чегерилет, эркиндиги чектелет. (BTo)

Дагы караңыз

Авазбек Аманбеков Азия оюндарында ушу-саньда боюнча коло медал алдыХерсондо жарылуулар болгону кабарландыAmazon АКШнын монополияга каршы мыйзамдарын бузду деп айыпталуудаСелекциядагы зомбулук: Шектүү зордуктоо фактысы боюнча 8 жылга кесилдиТоолуу Карабактын жикчил бийлигинин лидери Варданян кармалдыКыргызстан жол үчүн 2 млрд доллардан ашык карыз алган Кыргыз-казак чек арасы: "Ак-Тилекте" 90дон ашык фура өтө албай турат