28-сентябрга караган түнү Өзбекстандын борбору Ташкент шаарынын Курувчилар кичи районунда жайгашкан Inter Logistics компаниясынын кампасында катуу жарылуу болуп өрт чыкты.
Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме берип жазды. Кырсыктан жапа чеккендер бар экени айтылды.
Социалдык тармактарда жарылуунун видеолору тарап жатат. Жарылуудан улам жакын жердеги батирлердин, дүкөндөрдүн жана башка имараттардын терезелери сынып кеткени айтылууда.
Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги өрттөн жабыркагандар Республикалык медициналык “Тез жардам” борборуна жана анын Ташкент облустук бөлүмүнө жеткирилгенин билдирди. Бирок канча адам жабыркаганы тууралуу маалымат берилген жок. (BTo)
Дагы караңыз
Авазбек Аманбеков Азия оюндарында ушу-саньда боюнча коло медал алдыХерсондо жарылуулар болгону кабарландыAmazon АКШнын монополияга каршы мыйзамдарын бузду деп айыпталуудаСелекциядагы зомбулук: Шектүү зордуктоо фактысы боюнча 8 жылга кесилдиТоолуу Карабактын жикчил бийлигинин лидери Варданян кармалды