Херсондо жарылуулар болгону кабарланды

Украинанын Херсон шаардык аскердик администрациясынын башчысы Роман Мрочко калаада жарылуулар болгонун 27-сентябрда түштөн кийин билдирди.

"Орус армиясы шаарды убактылуу басып алган сол жээктен аткылап жатат. Коопсуз жерде болуп, өзүңөргө жана жакындарыңарга кам көргүлө", - деп жазды ал Телеграмга. Андан башка кошумча маалымат берилбеди.

Херсон шаарын 2022-жылы күзүндө украин армиясы орус күчтөрүнөн бошотуп алган. Андан бери дээрлик күн сайын бул калаа орус армиясынын аткылоосуна кабылууда.

Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирип, айрым аймактарды оккупациялаган. Далилдерге карабай, Кремль Украинадагы аскердик объектилер гана бутага алынарын, калктуу конуштарга чабуул койбогонун айтып келет.

Дагы караңыз

Алматы соту оппозиционерге китеп жазууга тыюу салдыСелекциядагы зомбулук: Шектүү зордуктоо фактысы боюнча 8 жылга кесилдиУкраин армиясы Запорожьеде контрчабуулга өттү