Эркектер менен аялдар үчүн бирдей шарт тууралуу мыйзам сынга кабылды

Жогорку Кеңеш. Архивдик сүрөт.

“Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” мыйзам долбоору бүгүн 27-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сынга кабылып, күн тартибинен алынды. Аны Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги иштеп чыгып, парламенттин кароосуна сунуш кылган.

Министрдин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев бирдей мүмкүнчүлүк түзүү боюнча мамлекеттик кепилдиктердин натыйжалуу тутумун жаратуу максаты коюлуп жатканын айтты.

Бирок депутаттардын көпчүлүгү мыйзам долбоору чийки экенин, ал аялдардын укуктарын коргобой турганын, андыктан кайра иштеп чыгуу керек экенин айтышты. Бийлик бутактарында, мамлекеттик жетекчилик кызматтарда гендердик тең салмактуулук деген норма жана мыйзам сакталбай жатканын, аялдардын коопсуздугу боюнча маселе барган сайын курч көйгөйгө айланып келатканын белгилешти.

Расмий статистика боюнча, Кыргызстанда аялдар менен эркектердин саны дээрлик бирдей. 2021-жылы айыл кеңештерине шайлоо алгачкы жолу аялдарга 30 пайыздык квота берүү менен өткөрүлүп, аялдардын саны 9 пайыздан 38 пайызга өскөн. Ал эми парламенттик шайлоодо аялдар өтө аз болду. Облус, шаар жетекчилеринин, министрлердин дээрлик баары эркектер. (RK)