Орусияда дрон чабуулунан улам жети конуш жарыксыз калды

Роман Старовойт

Орусиянын Курск облусунда дрон чабуулунан жети конуш электр жарыгысыз калды. Облустун губернатору Роман Старовойттун айтымында, дрон Снагост кыштагындагы электр көмөкчордонуна жардыргыч зат таштаган. Старовойт чабуулда жабыркагандар жок экенин билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги 26-сентябрга караган түнү Курск облусунда беш учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Москва аны украин армиясынан көрүүдө.

24-сентябрда дрон Курск шаарынын борборундагы административдик имаратка чабуул койгон. Айрым маалыматтарда ФСБнын имараты бутага алынганы айтылат. Дрондор мунай иштетүүчү заводго да сокку урган. Украин басылмалары өз булактарына таянып, чабуулду украин аскердик чалгын кызматы жасаганын жазышты.

Украина Орусиянын аймагына жасалган учкучсуз учактардын чабуулдары тууралуу комментарий бербейт.

Дагы караңыз

Кылмыштуу топтун мүчөсү ишкерлерден акча талап кылган деген шек менен кармалдыДарыга ууланган балдар, Мирзиёеванын "мээрими"Кыргызстандын жеңил автоунаа импортунда кимдер алдыда?2022-2023-жылдары Кыргызстандын жеңил унаа импорту кескин өстү