Тоолуу Карабактан Арменияга жер которгондор 13 миңден ашты

Тоолуу Карабактагы жикчил аймактан Арменияны көздөй кетип бараткандар.

Тоолуу Карабактын жикчил аймагынан Арменияга жер которууга мажбур болгондор 13 миң 500дөн ашты.

Министрлер кабинети 26-сентябрда эртең менен билдиргендей, алардын 11 миңине баш калкалоочу жерлер бөлүштүрүлүп, калгандардын муктаждыктары такталып жатат. Маалымат каражаттары качып келаткандардын саны өсүп жатканын жазышты.

Дүйшөмбү күнү Азербайжандын президенти Илхам Алиев Карабактагы армяндардын коопсуздугу сакталарын билдирген. Анын алдында жикчил топтун лидерлери Карабактагы армяндар коопсуздугунан чоочулап жер которуп кетип жатканын айтышкан.

19-сентябрда Азербайжандын бир күндүк “антитеррордук аскердик операциясында” Тоолуу Карабактын эл аралык коомчулук тааныбаган өкмөтү Бакуга багынып берген. Азербайжанга кошулууну каалабаган армяндар Арменияга жер которуп кетүүдө. Расмий маалыматтарга ылайык, Тоолуу Карабакта 120 миңдей армян жашайт.

Дагы караңыз

Чек арадагы жашоо: Стресстен арылуунун жолу барбы? Кыргыз мазарлары тууралуу эки мультфильм тартылды“Клооп Медианын” иши боюнча соттук угуу 6-октябрга жылдырылды