26-сентябрда Бишкектеги Novotel мейманканасында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлап, тилсиз жоону өчүрүүгө үч күжүрмөн топ тартылганын билдирди.
Өрттөн жабыр тарткандар бар-жогу жана өрт эмнеден келип чыкканы боюнча маалымат бериле элек.
Ушул эле мейманкананы 2021-жылы да өрт чалган. Novotel имараттын өрт коопсуздугуна байланыштуу системасы убагында иштеп, анын жайылышын алдын алууга мүмкүн болгонун кабарлаган.
Novotel мейманканасы франшиза катары Бишкекте 2021-жылы жайында ачылган. Бренд франциялык компанияга караштуу, ал эми мейманканага жергиликтүү ишкерлер ээлик кылат. (BTo)
Дагы караңыз
Москва Пашиняндын сөзү үчүн Ереванга жооп болорун билдирдиКыргыз мазарлары тууралуу эки мультфильм тартылдыТоолуу Карабактан Арменияга көчкөндөр 6500гө жетти “Унаа” мамлекеттик мекемесинин базасында жаңы агенттик түзүлдүЭлектр чыгырыгын айдоо эрежеси боюнча долбоор иштелип чыкты“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Шамшидин уулу бир айга камалды
)