БУУ орус күчтөрүнүн Украинадагы кылмыштары тууралуу корутунду жарыялады

Киевдин тургуну ыйлап турат.

Киевдин тургуну ыйлап турат.

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин Украинадагы мыйзам бузууларды иликтеген эл аралык комиссиясынын мүчөлөрү 25-сентябрда оозеки баяндама жасашты. Алар орус аскерлери Украинанын аймагында карапайым элге каршы согуштк кылмыштарын улантып жатканын белгилешти.

Баяндамада жарылуучу куралдарды колдонуу менен мыйзамсыз кол салуулар, кыйноо жана сексуалдык зомбулуктар, кол салуулар тууралуу айтылат.

Комиссия мүчөлөрү мындай корутунду чыгаруудан мурун Украинадагы жабырлануучулар жана кылмыш күбөлөрү менен сүйлөшкөн.

Орус аскерлери Украинанын Херсон жана Запорожье облустарында орус күчтөрү басып алган жерлерде тургундар такай кыйноолор болуп жатканын айтып беришкен. Орус аскерлери тургундарды көбүнчө "Украинанын куралдуу күчтөрү менен кызматташкан жана маалымат берип турган" деп айыптап, кыйноого алышканы, кээ бирлеринин кыйноодон каза болгону белгиленген.

Орусия былтыр 24-февралда Украинага кол салган. Муну Москва "атайын операция" деп атоодо. Дүйнө коомчулугу Кремлди агрессор катары айыптап, согушту токтотууга чакырып келет.

БУУнун быйыл сентябрдын башындагы эсеби боюнча согуш башталгандан бери украиналык 9600дөн ашуун карапайым тургун мүрт кетип, 17 500дөн көбү жараат алды. Уюм курмандыктардын жана жарадарлардын саны мындан көп болушу мүмкүн экенин белгилейт.

Далилдүү көрсөтмөлөргө карабай, Москва Украинада карапайым калк аткыланганын танып, аскердик объектилерге гана чабуул коюп жатканын билдирүүдө.

Дагы караңыз

"Кыйноодон майып болуп калдым". БУУ тааныган, кыргыз соту четке каккан өтүнүч Тоолуу Карабактан качкан армяндардын агымы күчөдүАКШдан Abrams танктарынын биринчи партиясы Украинага келди