Москва Пашиняндын сөзү үчүн Ереванга жооп болорун билдирди

Мария Захарова

Армения бийлигинин билдирүүсүнө Москва жакында жооп бере турганын Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова айтты.

Ал Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын сөздөрүн "чындыкка дал келбеген жана эки тараптуу мамиленин өнүгүшүнө карама-каршы билдирүү" деп сыпаттаганын 25-сентябрда "Россия-24" телеканалында маалымдады.

Пашинян жекшембидеги телекайрылуусунда армян-орус аскердик кызматташтыгын сындап:

"Жамааттык коопсуздук келишим уюму жана армян-орус аскердик-саясий кызматташтыгынын инструменттери Армениянын тышкы коопсуздугун коргоо үчүн жетишсиз экени баарыбызга айкын болду",- деген.

Ал Тоолуу Карабактагы армяндардын коопсуздугу үчүн жоопкерчилик Азербайжан менен Орусиянын күчтөрүнүн моюнунда экенин айткан.

Баку Тоолуу Карабакты толук көзөмөлгө алганы жарыялангандан бир аптадай убакыттан бери Арменияга ал жактан беш миңдей армян жер которду. Ереван 25-сентябрда бозгундарды каттоо уланып жатканын билдирди.

Ал эми оппозиция Карабак маселесинде бийликти сындап, Пашиняндын отставкасын талап кылган митингдерди өткөрүүдө.

Дагы караңыз

Одессадагы чабуулда жоголгон тургундун сөөгү урандыдан табылды “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Шамшидин уулу бир айга камалдыТоо койнунда турист тоскон айылдар