Орусиянын армиясы Украинанын Херсон облусуна кол салууда авиабомба колдонууну көбөйттү. Бул тууралуу "Азаттыктын" украин кызматына 25-сентябрда облустук аскер админстрациясынын өкүлү Александр Толоконников билдирди.
Анын айтымында, дүйшөмбүдө Москванын күчтөрү Днепрдин оң жээгиндеги Николаевка жана Львов конуштарына абадан бомба таштады.
Облустук аскердик администрациянын башчысы Александр Прокудин Берислав шаарына да чабуул болгонун Телеграмга жазды. Бомба турак жайларды тейлеген кеңсенин имаратын талкалаганын билдирип, курмандыктар же жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жоктугун айтты. Бир күн мурда кол салууларда Херсондо эки киши набыт кеткен.
25-сентябрга караган түнү орус аскерлери Одесса облусуна "Шахед" жанкечти дрондору, "Калибр" жана "Оникс" ракеталары менен чабуул жасаганын украин армиясы билдирди. Расмий кабарда алардын дээрлик баары атып түшүрүлгөнүн, деңиз боюндагы бекет жана конок үйү зыян тартканы айтылат.
Москва чабуулдарга комментарий берген жок.
Дагы караңыз
Ереванда оппозиция баш ийбөө акциясын өткөрүп жататКыргыз-казак өкмөттөрү данды үзгүлтүксүз жеткирүүнү макулдаштыБишкек: Жөө күлүктөрдү сынаган марафон