Кытай окумуштуулары шаарды адамдарга караганда жайлуу кылып пландай алган жасалма интеллект моделин иштеп чыгышты. Нью-Йорк университетинин окумуштуулары ымыркай ыйлаган учурда мээде эне сүтүн бөлүп чыгаруучу айланма процесс башталарын аныкташты. Пилдер да бири-бирине ысым ыйгарат. “Азаттыкта” илимдеги соңку жаңылыктар топтому.
Жасалма интеллект шаар долбоорун чийүүдө адамдарды басып өттү
Кытайдын Цинхуа университетинин окумуштуулары жүргүзгөн изилдөө жасалма интеллект кыска убакытта шаардын планын иштеп чыга аларын көрсөттү.
Болгондо да жасалма интеллект долбоорлогон шаар адистердин планына караганда натыйжалуу, ыңгайлуу жана жайлуу болуп чыкты.
Ушул тапта жасалма интеллект “15 мүнөттүк шаар” деп аталган концепцияга ылайык келген шаарлардын планын түзүүгө жарайт. “15 мүнөттүк шаар” - бул ыңгайлуу жашоого керек болгон бардык жерге (сейил бактар, жумуш кеңселери, дүкөндөр, маданий, көңүл ачуучу жайлар) 15 мүнөттө жетүүгө жол ачкан чакан шаарлардын планы.
Кытай окумуштуулары ойлоп тапкан бул нейротармак шаар пландоодогу эң оор эсептөөлөрдү тез аткарып, үч көрсөткүч боюнча адамдарды болжолдуу 50% ашып өтөт. Алар: кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүү болушу, жашыл аймактардын, бак-дарактардын көптүгү жана жол кыймылынын деңгээли.
Адистер жасалма интеллектин бул модели азырынча чоң шаарларды пландоого толук ылайыкташа электигин айтышат. Деген менен, бул модель убакытты үнөмдөөгө жол ачты. Маселен, 50 мүнөттөн 100 мүнөткө чейинки убакытты таап кылган эсептөөлөрдү ал бир канча секундда ишке ашырып отурат.
Изилдөөчүлөрдүн айтымында, эгер жасалма интеллект шаар пландоодогу оор эсептерди аткарууну өзүнө алса, адамдар ага корогон убактысын эми андан да маанилүүрөөк болгон жана адамдык ой жүгүртүүнү талап кылган шаардын эстетикасы, коомдун шаар менен айкалышы сыяктуу маселелерге жумшай алат.
Ымыркайдын ыйы эне сүтүн чакырат
“Бала ыйлабаса, эмчек кайда?” деген сөз адатта өтмө мааниде колдонулуп келет. Бирок Нью-Йорк университетинин окумуштуулары жүргүзгөн жаңы изилдөө бул сөздү түз мааниде да чечмелөөгө жол ачты өңдөнөт.
Аталган университеттин адистери ымыркай ыйлаган учурда энесинде эмчек сүтүн бөлүп чыгарууга жооптуу мээдеги айланма процессти аныкташты. Кош бойлуу кездеги жана ата-эне болгон учурдагы адам мээсиндеги өзгөрүүлөргө арналган бул изилдөө көрсөткөндөй, жарыкка жаңы келген наристенин 30 секунддук тынымсыз ыйы эненин мээсинде окситоциндин бөлүнүп чыгышына алып келет. Мээдеги бул химиялык зат эне сүтүнүн бөлүнүп чыгышын көзөмөлдөйт.
The Guardian басылмасы изилдөөнүн соавтору, Нью-Йорк университетинин аспиранты Хабон Иссага шилтеме берүү менен “ымыркайдын ыйын уккан эненин мээси денени бала эмизүүгө даярдай баштайт. Мындай даярдыксыз эле эмизүү сүттүн дароо чыкпай, эне-баланын стрессине алып келет” деп жазды.
Ымыркайдын ыйы эне сүтүн чакырары боюнча байкоолор буга чейин эле айтылып келген. Бирок бул изилдөө аталган көрүнүштү илимий негиздеп, мээнин механизмин түшүндүрө алганы менен жаңылык жаратты.
Пилдер бири-бирине ысым ыйгарабы?
Кениянын пилдерди сактоо жана изилдөө борборлорунан жана АКШнын Колорадо университетинин изилдөөчүлөрүнөн турган эл аралык окумуштуулар тобу пилдер адамдар сыяктуу эле бири-бирине ат коюп, бири-бирин атынан чакырат деген жыйынтыкка келишти.
Мындай тыянак чыгарардан мурун окумуштуулар Кениянын ар бөлүгүндөгү пилдердин үндөрүн чогултушкан. Топтолгон 625 үндүн акустикалык өзгөчөлүгүн изилдеп, бир катар статистикалык тесттерди жүргүзүп отуруп, пилдер үн чыгарып, конкреттүү жаныбарга кайрыларын аныкташкан. Пилдердин жүрүмү-туруму дагы аларга карата чыгарылган үнгө жараша өзгөргөн.
Дагы бир өзгөчөлүк - пилдер жөн гана үндөрдү имитациялашкан эмес. Алар толук кандуу ысымын атап чакыруу системасын колдонушкан. Изилдөөнүн авторлору алардын мындай жыйынтыгы жаныбарлар арасында да өз ара ат коюшкан учур бар экенине алгачкы далил болуп бере алат деп ишенишет.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.