Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргыз жарандары үчүн Эквадор мамлекети 29-августтан тартып визалык режим киргизгенин кабарлады.
Буга байланыштуу ТИМ кыргызстандыктарды Эквадор өлкөсүнө сапарларын уюштурууну алдын ала пландаштырууну суранат.
Эл аралык паспорт индекси сайтынын маалыматтарына ылайык, Кыргызстандын жарандары учурда 30дай мамлекетке визасыз бара алышат. Мындан сырткары 40тан ашуун мамлекетке барган соң виза ала алышат. Кыргызстан өзү учурда 61 өлкөнүн жарандарын визасыз киргизет.
Акыркы жылдары Мексиканын чек арасы аркылуу АКШга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандардын саны көбөйгөн. Кыргызстандан дагы АКШга Түштүк Америкадагы Мексика, Боливия, Эквадор сыяктуу мамлекеттери аркылуу мыйзамсыз кирүүгө аракет кылгандар көп. (TSh)
Дагы караңыз
ИИМ зомбулукка каршы ыкчам тиркеме иштеп чыгат