Индонезияда ТикТок жылдызы чочконун этин жеген видеосу үчүн эки жылга кесилди

Иллюстрациялык сүрөт

Индонезияда белгилүү ТикТок жылдызы Лина Лютфиавати чочконун этин жеп жаткан видеосу үчүн эки жылга кесилди.

Түштүк Суматра провинциясындагы Палембанг шаардык соту 33 жаштагы блогерди "динге акаарат келтирди" деген айып менен эки жылга эркинен ажыратып, 16 миң доллар айып пул салды.

Лина Лютфиавати март айында өзүнүн ТикТок каналында Балиде чочконун эти кошулган тамак жеп жатканы чагылдырылган видео чыгарган. Ооз тиер алдында ал «бисмиллях» деп айткан.

Сотто блогер өз аракеттери үчүн өкүнөрүн айтып, кечирим сурады.

"Мен абдан таң калып жатам. Көп жолу кечирим сурадым. Туура эмес кылганымды түшүнүп жатам. Бирок эки жылга кесет деп күткөн эмес элем"-деди Лютфиавати соттун өкүмүнөн кийин.

Анын ТикТоктогу баракчасына эки миллиондой киши катталган. Лютфиаватинин чочконун этин жеп жаткан видеосу негизинен калкынын басымдуу бөлүгүн ислам динин туткан Индонезияда чуу жаратты. Полицияга ага каршы арызды диниятчылардын бири жазган.

Кыргызстанда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги өлкөдө ТикТокту колдонууга тыюу салган чечимди 30-августта кабыл алган. Аталган мекеме буга соңку учурда бул социалдык тармак балдардын психикалык өнүгүүсүнө, саламаттыгына терс таасир тийгизип жатканына кабатырланган кайрылуулар көбөйгөнү түрткү болгонун билдирген.

Дагы караңыз

ИИМ зомбулукка каршы ыкчам тиркеме иштеп чыгатӨлкөгө балык уулоочу тор алып кирүүгө тыюу салуу сунушталды АКШ Украинага 325 миллион долларлык аскердик жардам жөнөтөт