21-сентябрда Ак үйдүн сайтында «Борбор Азия-АКШ» же "C5+1" президенттердин деңгээлинде алгачкы ирет өткөн саммиттин жыйынтыгы боюнча лидерлердин бирдиктүү билдирүүсү жарыяланды. Анда негизинен аймактагы энергетикалык коопсуздук маселелери белгиленген.
АКШ, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттеринин атынан жасалган билдирүүдө лидерлер өз ара өнөктөштүктү «C5+1» платформасынын алкагында дагы бекемдөөгө кызыкдар экени белгиленет.
«Биз глобалдык көйгөйлөрдүн аймактык чечимдерин биргелешип издөө багытындагы "C5+1" саммитинин максаттарына кошулабыз. Биз Борбор Азиянын коопсуздугун чогуу бекемдеп, экономикалык туруктуулугун күчөтүп, климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүп, тынчтыкка өбөлгө болгон иш-чараларды колдоорубузду ырастайбыз», - деп жазылат анда.
АКШ менен Борбор Азия мамлекеттери Ооганстандагы азыркы жагдайда коопсуздук тармагындагы ынтымакты бекемдөө ниетин билдиришкен.
«Биз ошондой эле Борбор Азияны Бириккен Улуттар Уюмунун Уставдарынын максаттары менен принциптерин алдыга сүрөгөн тынчтык, ишеним жана кызматташуу аймагы катары таанууну колдоорубузду ырастайбыз», - деп белгиленген билдирүүдө.
"С5+1" форматындагы саммит Нью-Йоркто 19-сентябрда өткөн. Анда сүйлөгөн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров АКШ-Борбор Азия форматында кызматташуу Бишкектин тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири экенин белгилеген.
Бул саммитти президент Жо Байден "тарыхый учур" деп сыпаттады.
Дагы караңыз
Өлкөгө балык уулоочу тор алып кирүүгө тыюу салуу сунушталды АКШ Украинага 325 миллион долларлык аскердик жардам жөнөтөтКыргыз-кытай чек арасы боюнча протоколго кол коюлду