АКШ Украинага 325 миллион долларлык аскердик жардам жөнөтөт

Украинанын президенти Владимир Зеленский жана АКШнын президенти Жо Байден Ак үйдө. 21-сентябрь, 2023-жыл.

Кошмо Штаттардын бийлиги Украинага 325 млн долларлык жаңы аскердик жардам жөнөтөт. Анын ичине Avenger абадан коргонуу системасы, HIMARS ракеталык комлексине ок-дарылар жана башка курал-жабдык кирет. Бул тууралуу АКШнын Коргоо министрлиги билдирди.

Кезектеги аскердик жардам тууралуу айтып жатып АКШ президенти Жо Байден Вашингтон Украинага ошондой эле жакынкы айларда Hawk абадан коргонуу системасын жөнөтүп турарын кошумчалады. Ал ошондой эле кийинки аптада Киевге Abrams танктарынын биринчи партиясы жөнөтүлөрүн маалымдады.

Жаңы аскердик жардамга Киев сурап жаткан узак аралыктагы ATACAMS ракеталары кирген жок. Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливандын айтымында, АКШ президенти «азырынча ATACMS ракеталарын жөнөтпөй турууну чечти, бирок бул маселени күн тартибинен алган жок».

Украинанын президенти Владимир Зеленский Байден менен жолуккандан кийин Киев менен Вашингтон «курал-жабдык жана коргонуу системаларын чыгарууда биргеликте кызматташарын» айтты.

Орусия Украинага толук кандуу согуш ачканы Вашингтон Киевге жалпысынан 43,9 млрд долларлык аскердик жардам көрсөттү.

Зеленский АКШдан кийин 22-сентябрда Канадага барды. Ал Канаданын парламентине сөз сүйлөрү күтүлүп жатат.

Дагы караңыз

Кыргыз-кытай чек арасы боюнча протоколго кол коюлдуАрменияда оппозиция лидерлеринин бири кармалдыHRW Бишкекте бычакталган келин боюнча билдирүү таратты