Арменияда оппозиция лидерлеринин бири кармалды

Армениядагы оппозиция лидерлеринин бири Андраник Теванян Еревандагы митингде сүйлөп жатат. 23-август, 2023-жыл.

Арменияда полиция оппозиция лидерлеринин бири Андраник Теванянды кармап кетти. Бул тууралуу «Азаттыктын» армян кызматы жазды. Маалыматка караганда ал 22-сентябрла тарапташтары менен бирге баш калаа Еревандагы көчөлөрдүн бирин жабууга аракет кылып жаткан маалда кармалды.

Теваняндан тышкары өкмөткө каршы акциянын 26 катышуучусу кармалганы маалым болду. 21-сентябрда Республика аянтындагы оппозициянын митингинде Теванян демонстранттарды өкмөт үйүн блоктоого чакырган.

21-сентябрда Ереванда жикчил Тоолуу Карабактын капитуляциясына каршы нааразылык акциялары уланды. Алар премьер-министр Никол Пашинянды Тоолуу Карабактагы этностук армяндарды коргоо үчүн "эч кандай чара көргөн жок" деп күнөөлөп, анын кызматтан кетишин талап кылып жатышат. Өкмөт үйүнүн алдына чыккан демонстранттар менен тартип коргоочулар кагылыша кетишти.

19-сентябрда Азербайжан армиясы Тоолуу Карабакта "антитеррордук операция" жарыялаган. Баку муну "конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү" деп түшүндүргөн.

Эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабактын лидерлери 20-сентябрда ок атууну токтотконун жана Бакунун талаптарын аткарууга макул экенин билдиришти.

Азербайжандын бийлиги Тоолуу Карабактын де-факто лидерлери менен жикчил аймактагы этностук армяндардын келечеги тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштады.

Дагы караңыз

HRW Бишкекте бычакталган келин боюнча билдирүү тараттыМектепте мыйзамсыз акча чогултууга айып пул салуу сунушталдыИранда сот мечитке кол салууга айыпталган тажик жаранын өлүм жазасына өкүм кылды