Жаңы Ак үй үчүн жер алгандар Туманбаевдин адамдарыбы?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ушул тапта Бишкекте президенттик жаңы комплекстин курулушу кызуу жүрүп атат. Ак үйдү “Иншат строй билдинг” компаниясы куруп, анын акысына шаардын түштүк тарабынан 25,7 гектар жер алып жатат. Келишимдин шарттары, курулуштун баасы коомчулукка ачык айтыла элек. “Азаттык” стратегиялык курулушка жооптуу аткаминерлер менен “Иншаат строй билдинг” компаниясынын байланыштарын иликтеди.