Балбан Акжол Махмудов Олимп оюндарына жолдомо алды

Акжол Махмудов күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында. Белград, Сербия. 21-сентябрь, 2023-ж.

Балбан Акжол Махмудов Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, 2024-жылкы Париж Олимпиадасына жолдомо алды. Бул Олимп оюндарына алынган Кыргызстандын куржунундагы 4-жолдомо.

Акжол Махмудов 21-сентябрда грек-рим күрөшүнөн 77 кг салмакта жарым финалда жапониялык Нао Кусаканы 7:5 эсебинде утту. Ал буга чейин норвегиялык Пер Андерс Курени (4:3), 1/8 финалда египеттик Мохаммед Ехаб Захаб Халилди (9:0), ¼ финалда өзбекстандык Арам Варданянды (6:0) уткан.

Эми 22-сентябрда алтын байге үчүн азербайжандык Санан Сулейманов менен беттешет. Таймаш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Акжол Махмудов 24 жашта. Азиянын үч жолку чемпиону (2018-ж., 2022-ж., 2023-ж. ) Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси (2021-ж.) жана Дүйнө чемпиону (2022-ж.). Кадеттер (уландар) арасында Дүйнө чемпиону (2016-ж.). Жаштар арасында Дүйнө чемпионатынын күмүш (2017-ж.) жана коло байгелеринин ээси (2018-ж.). Уландар жана жаштар арасында Азия чемпиону (2016-ж., 2017-ж.).

Буга чейин Париж Олимпиадасына жолдомого кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова жана сууда сүзүүдөн Денис Петрашов ээ болгон.

16-сентябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 24-сентябрга чейин уланат. Таймаштар эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшүнөн 10дон салмакта өтүп жатат. Мелдеште олимпиадалык салмактарда алтын, күмүш, коло байге алгандарга жана 5-орунду ээлеген бирден балбанга Олимп оюндарына жолдомо берилет (жалпы 90 жолдомо).

Күрөш боюнча Олимпиадага жолдомо берилчү салмактар төмөндөгүдөй:
Эркин күрөштөн 57, 65, 74, 86, 97 жана 125 кг, грек-рим күрөшүнөн 60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг жана кыз-келиндер күрөшүнөн 50, 53, 57, 62, 68 жана 76 кг. (ECh)

Дагы караңыз

"Айсулуу жеңишке жетсе, кыргыз спортунун тарыхын жаңылайт"Илон Маск кишиге Neuralink нейрочибин сынай баштайтБалбан Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында күмүш байге алдыБалбан Тайырбек Жумашбек уулу Дүйнө чемпионатында коло медал тагынды