Бычакталган келиндин иши боюнча Жогорку Сотто кеңешме өттү

Жогорку Соттун төрагасынын катышуусундагы кеңешме. 21-сентябрь, 2023.

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Сокулук районунун Селекция айылында бычакталган келиндин иши боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 21-сентябрда “Азаттыкка” билдирди.

Анда келинди бычактоого шек саналып кармалган А.Э. аттуу жаранга буга чейин эки жолу зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

Биринчи кылмыш иши былтыр 19-октябрда Сокулук райондук сотунда каралып, кыскарган. Буга жабырлануучунун тосмо арыз бергени жана сот отурумунда тараптар элдешкени себеп болгон.

Райондук соттун чечимине каршы кийинки соттук инстанцияга даттануу болбогону үчүн чечим күчүнө кирген.

Экинчи кылмыш иши да Сокулук райондук сотунда каралып, айыпталуучу беш жылга абакка кесилген. Сот шектүүнүн улгайган, көзү азиз апасын карай турган эч кимиси жоктугун, айыпталуучу менен жабырлануучунун ортосунда эки бала бар экенин эске алып, үч жыл пробациялык мөөнөт берген.

Жабырлануучу тарап бул чечимге макул болбой, Чүй облустук сотуна арызданып, соттук иш 27-сентябрга белгиленген.

"Жыйынтыгы боюнча судьянын аракеттерине өзгөчө катуу баа берилет", - деп айтылат Жогорку Соттун билдирүүсүндө.

20-сентябрда Чүй облустук милициясы Селекция айылында 36 жаштагы аял бычакталып, ооруканага түшкөнү боюнча маалымат келгенин билдирген. Буга шектүү катары кармалган 39 жаштагы А.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов келинге сегиз сааттык операция жасалганын, учурда абалы орточо оор экенин билдирди.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин ("Денеге оор залал келтирүү") негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатат.

Дагы караңыз

Украин даны жүктөлгөн кеме Түркияга жеттиАлимжановдун мандатына байланыштуу депутаттык комиссия түзүүнү сунуштадыТашкентте жети жаштагы кызга ыдык көрсөткөн киши 18 жылга кесилдиОрусия күйүүчү майдын экспортуна тыюу салды