Одессадан украин данын жүктөлгөн Resilient Africa кемеси убактылуу коридор аркылуу 21-сентябрда Босфор кысыгына келгенин Reuters агенттиги жазды.
Эки күн мурун Украинанын коомчулукту, аймактарды жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Александр Кубраков үч миң тонна буудайы бар Resilient Africa кемеси Кара деңиз портунан чыгып, Босфорду көздөй баратканын билдирген. Ал дагы бир кеме портто украин данын Египетке ташууга даяр турганын белгилеген.
Министрдин айтымында, Либерия жана Палау мамлекеттеринин желектеринин астында сүзгөн кеменин экипаждары Түркия, Азербайжан, Египет жана Украинанын жарандарынан куралган.
Орусия быйыл жайында Кара деңиз дан демилгесинен чыккандан кийин Украина данынын экспортунун айланасындагы кырдаал курчуган. Андан бери Москва Украинанын портторун бир канча жолу аткылады.
Дагы караңыз
Париж - 2024: Кыргызстан төрт жолдомо алдыАлимжановдун мандатына байланыштуу депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады"Буга чейин зордуктаган". Кайдыгерликтин кулак-мурун кестирген кесепети