Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов 2024-жылы Парижде боло турган Олимп оюндарына жолдомо алды. Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, аталган лицензия спортчуга Жапонияда өткөн сууда сүзүү боюнча Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы менен берилген. Бул Олимп оюндарына алынган Кыргызстандын куржунундагы үчүнчү жолдомо.
Денис Петрашов 2016-жылы Рио-де-Жанейродо жана 2021-жылы Токиодо өткөн Олимп оюндарына катышкан. Бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.
Буга чейин балбан кыздар Айпери Медет кызы жана Айсулуу Тыныбекова Сербиянын Белград шаарында өтүп кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыгышып, Олимпиадага жолдомо алышкан. Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта финалдык беттеште бутунан жаракат алып, таймашын уланта албай, күмүш медал тагынды. Айсулуу Тыныбекова 21-сентябрда 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Сакура Мотоку менен күрөшөт. (ECh)
Дагы караңыз
"Айсулуу жеңишке жетсе, кыргыз спортунун тарыхын жаңылайт"Президент Жапаров тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгын жарыяладыБалбан Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында күмүш байге алдыБалбан Айсулуу Тыныбекова Париж Олимпиадасына жолдомо алды