Өзбекстан менен Тажикстандын чек арасында жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги жаралды.
Айдоочулар Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы Сарыасия өткөрүү пунктунан Тажикстанга өтүү үчүн бир жумадан бери кезек күтүп жатканын билдиришти. Алар “Азаттыктын” тажик кызматына жөнөткөн видеолордо машинелердин тыгыны беш чакырымга чейин жетерин белгилешти.
Тажикстандын “Дусти” бажы бекетинин кызматкерлери кезек күтүү “автоунааларга кылдаттык менен көзөмөлдөөдөн” улам пайда болгонун билдиришти.
Тажик бийлиги 2-октябрдан тарта 2013-жылга чейин чыгарылган машинелерди өлкөгө киргизүүгө тыюу салган чечим чыгарган. Чек арадагы автотыгын ушундан улам көбөйгөнү тууралуу да айтылып жатат.