Орусиянын Коргоо министрлиги Кара деңизде жана аннексияланган Крымда 19 дрон жок кылынганын, Курск, Белгород жана Орел облустарында бирден учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн билдирди.
21-сентябрга караган түнү Крымдын көптөгөн аймактарына дрондор чабуул койгонун жергиликтүү каналдар кабарлады. Анын кесепети тууралуу маалымат берилген жок.
Киев азырынча бул маалыматка реакция жасай элек. Украинанын куралдуу күчтөрү аннексияланган Крымда, анын ичинде Севастополь менен Евпаторияга жакын жердеги буталарга бир нече ирет сокку урган.
Бейшембиге караган түнү Орусия Украинанын бир катар аймактарына чабуул койгон. Киев соккуда Хресондун үч тургуну каза тапканын билдирди.
Дагы караңыз
Селекцияда аялын бычактаган кишини сот пробацияга бошоткону белгилүү болдуДепутат Икрамов өкмөттүн азык-түлүк боюнча кышка даярдыгын угууну сунуштадыАйгүл Жапарованын фонду Temirov Live каналынын иликтөөсүнө жооп бердиПарламентте Мадумаров боюнча комиссия түзүү маселеси бүгүн да чечилбей калды