Алиев Тоолуу Карабакта суверендүүлүк калыбына келтирилгенин айтты

Илхам Алиев, Азербайжандын президенти.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев жикчил Тоолуу Карабактагы “антитеррордук операция” бир күн ичинде максатына жетип, “суверендүүлүк калыбына келтирилгенин” билдирди.

Азербайжан элине кайрылган Алиев эгер Карабактагы куралдуу топтор багынып бербесе, армия "аягына чейин барууга даяр" экенин белгиледи.

Ал “антитеррордук операцияда” карапайым тургундар курман болбогонун жана жарандык объектилерге сокку урулбаганын кошумчалап, каршылаш тараптын аскердик объектилери менен техникасы талкаланганын айтты.

Алиев билдиргендей, 21-сентябрда Евлах шаарында баштала турган сүйлөшүүлөрдө этникалык армяндардын өкүлдөрүнө Тоолуу Карабакты Азербайжанга кайра интеграциялоо планы берилет.

19-сентябрда Азербайжан армиясы Тоолуу Карабакта "антитеррордук операция" жарыялаган. Баку муну "конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү" деп түшүндүргөн.

Эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабактын лидерлери 20-сентябрда ок атууну токтотконун жана Бакунун талаптарын аткарууга макул экенин билдиришти.

Армениянын бийлиги аймакта аскерлери жоктугун айткан.

Армения менен Азербайжандын ортосунда талаш аймак саналган Тоолуу Карабак үчүн согуш ондогон жылдардан бери уланып келген. 2020-жылы күзүндөгү 44 күндүн согушта Азербайжан Тоолуу Карабактын көпчүлүк бөлүгүн кайтарып алган.

Эл аралык коомчулук Тоолуу Карабакты Азербайжандыкы деп тааныйт.

Ереванда Карабактын Азербайжанга берилишине каршы жапырт нааразылык акциясы уюштурулду. 20-сентябрдын кечинде Армениянын өкмөттүк имаратынын алдындагы аянтта демонстранттар менен коопсуздук күчтөрү кагылышты.

Дагы караңыз

Селекцияда аялын бычактаган кишини сот пробацияга бошоткону белгилүү болдуЗомбулуктан жабыркаган аялдар маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлдү Депутат Икрамов өкмөттүн азык-түлүк боюнча кышка даярдыгын угууну сунуштады