Аба ырайы: тоолуу аймактарда күн күркүрөп, жаан жаайт

Бишкек шаары.

22-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 12…17;

Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 11…16;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 10…15, күндүз 17…22;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 9...14;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4...-9, күндүз -2...+3.

Бишкекте жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 15…17 градус болот.

Дагы караңыз

Борбор Азия жана Түштүк Кореянын парламент төрагалары декларация кабыл алдыМинистр Кулубаев Дональд Лу менен эки тараптуу кызматташтыкты талкууладыКазакстан ЖМКлар жана бейөкмөт уюмдар тобун “чет элдик тыңчылардын” тизмесине киргиздиБалбан Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында күмүш байге алды