АӨБ кыргыз экономикасы быйыл 3,8% өсөт деп болжол берди

Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Кыргызстандын экономикасына берген болжолу.

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Кыргызстанда алтын өндүрүү жайлаганына жана аба ырайы айыл чарбасына терс таасирин тийгизгенине байланыштуу экономиканын темпи жайлап, 2023-жылдын жыйынтыгында 3,8% өсүү менен чыгат деп эсептеди.

Бул тууралуу мекеменин “Азияны өнүктүрүү баяндамасы” деп аталган изилдөөсүндө жарыяланды.

АӨБ мурдагы болжолунда Кыргызстанда ички дүң продуктунун (ИДП) темпи 4,5% болот деп билдирген. Жаңы баяндамада финансылык уюм кыргыз экономикасы 2024-жылы 4% жогорулайт деп маалымдады.

Кыргызстандын өкмөтү алгач 2023-жылы экономикадагы өсүш 4,9-5% болот деп болжолдоп жаткан. Кийин такталган эсебинде мерчемин 4,5% чейин түшүргөн. Мунун себебин Экономика министрлигиндеги аткаминерлер Кумтөрдөгү алтын өндүрүшү кыскарганы менен түшүндүргөн.

Улуттук статистика комитетинин эсебинде, 2023-жылдын январында ИДПнын өсүү темпи 4,8% түзгөн. Көрсөткүч январь-апрелде 4,4%, январь-июлда 3,9%, январь-августта 3,3% темп менен чыкты.

Статкомдун маалыматтарына ылайык, Кыргызстандын ИДПсы соңку жылдары 4-5% темп менен өсүп келсе, 2020-жылы 8,4% чейин түшүп кеткен. 2021-жылы 6,2%, 2022-жылы 7% өсүш менен чыкты. Адистер бул эки жылдагы көрсөткүчтөр 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу төмөндөп кеткен экономиканын фонунда көп көрүнүп жатканын белгилеп келет. (ErN)

Дагы караңыз

Казакстан ЖМКлар жана бейөкмөт уюмдар тобун “чет элдик тыңчылардын” тизмесине киргиздиБалбан Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында күмүш байге алдыТоолуу Карабакта орусиялык аскерлер аткылоого кабылды