Тоолуу Карабакта орусиялык аскерлер аткылоого кабылды

Тоолуу Карабактан кайтып келе жаткан орусиялык аскерлер 20-сентябрда аткылоого кабылды.

Орусиянын Коргоо министрлиги орусиялык контингенттин машинеси байкоочу посттон келе жатканда аткылоого дуушар болуп, машинедеги аскерлер набыт болгонун билдирди. Канча киши каза тапканы азырынча белгисиз.

Коргоо министрлигинин маалыматында инцидент Жанятаг калктуу пунктунда болгон. Кырсык катталган жерде орусиялык жана азербайжандык тергөө кызматынын өкүлдөрү иштеп жатат.

Азербайжандын Коргоо министрлиги шаршемби кечинде болуп өткөн окуяга өкүнүчүн билдирип, маркумдардын жакындарына жана аскер башкармалыгына көңүл айтты.

Дагы караңыз

Тоолуу Карабактан миңдеген этностук армяндар чыгып кетүүгө камынуудаБалбан Айсулуу Тыныбекова Париж Олимпиадасына жолдомо алдыИран парламенти эреже сактабаган аялдарга жазаны катаалдатууну колдоду