Иран парламенти эреже сактабаган аялдарга жазаны катаалдатууну колдоду

Тегерандын көчөсүндө бараткан аялдар. 5-август, 2023-жыл.

Ирандын парламенти 20-сентябрда хижаб жана ыймандуулук боюнча талаштуу мыйзамды жактырды. Документти 152 депутат колдоп, 34ү каршы чыкты.

Мыйзам долбооруна ылайык, коомдук жайда же көчөдө жылаңач, жарым жылаңач же ачык кийимчен жүргөндөрдү тартип коргоо кызматкерлери кармап кете алат. Алар соттун чечими менен абакка кесилет же айып пул төлөйт. Эгер мындай учур дагы кайталанса камалат же аларга дагы чоң өлчөмдөгү айып пул чегерилет. Ошондой эле хижабга шек келтиргендерге, ачык кийинүүнү пропаганда кылгандарга дагы айып пул салынат же болбосо өлкөдөн чыгууга тыюу салынат. Ошондой эле интернетте коомдук иштерди жүргүзүүгө алты айдан эки жылга чейин тыюу салынат.

Бириккен Улуттар Уюмунун фактыларды аныктоо миссиясы өткөн жумада билдиргендей, мыйзам "кыз-келиндерди куугунтук, кармоо жана зомбулук тобокелчиликтерине кептейт".

Иранда 1981-жылкы Ислам революциясынан кийин тогуз жаштан өйдө кыз-келиндерге хижаб кийүү милдеттендирилген.

Былтыр 13-сентябрда Тегеранда Махса Амини аттуу кыз хижаб кийүү эрежесин бузганы үчүн кармалып, полицияда каза тапканда жапырт нааразылык тутанган. Акцияларда алгач аялдар жоолуктарын чечип ыргытып, чачтарын кесип жатса, кийин ал өкмөткө каршы жүрүшкө айланды.

Ирандын бийлиги эркиндикти талап кылган митингдерди күч менен баскан. Эл аралык уюмдардын эсебинде, былтыр кагылышууларда 500гө жакын адам набыт болгон. Ошондой эле 60тан ашуун коопсуздук кызматкери каза болду. 19 миңдей киши кармалган, алардын арасында балдар, өспүрүмдөр да бар. Укук коргоочулар айрымдар камалгандан бери дайынсыз экенин, дагы бирөөлөрү кыйноого кабылып, адвокаттардын жардамын албай калышканын айтышат.

Дагы караңыз

Сокулукта таза суу талап кылган акцияда кармалган үч киши үй камагына чыктыЛенин округу: БШК кайра шайлоодо Самаковду жеңүүчү деп тапты Нью-Йоркто активисттер Токаевге жана Жапаровго санкция салууга чакырыштыТбилисиде Михаил Саакашивилинин соту кайра башталды