Тбилиси шаардык соту 20-октябрда Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилинин ишин кароону жандантты.
Ал 2007-жылы өлкөнүн башында турганда өкмөткө каршы митингди күч менен таркатканы үчүн айыпталууда. Саакашвили өзү жана анын тарапташтары бул иштин саясий мүдөөсү бар экенин белгилеп келишет.
Алсыраган Саакашвили сотко Тбилиси ооруканасынан видеобайланыш аркылуу кошулду. Ал "мен дагы эле алсызмын, бирок эрким күчтүү"деп айтты.
Аны менен кошо ошол кездеги өкмөттүн төрт мүчөсү дагы айыпталууда.
2004-2013-жылдары Грузиянын башында турган Саакашвили "кызматынан кыянаттык менен пайдаланган" деген кине боюнча учурда алты жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Ал саламаттыгына байланыштуу Тбилисидеги менчик клиникада катуу кайтаруунун алдында дарыланууда.
Ошондой эле ага 2021-жылы Грузияга кайтканда "чек араны мыйзамсыз өткөн" деген айып тагылган. Мекенине кайтары менен камакка алынган.
Саакашвилинин жакындары жана адвокаттары бир нече айдан бери анын саламаттыгы начарлап жатканын эскертип келишет. 55 жаштагы саясатчынын тарапташтары ал камалгандан бери Саакашвилинин бошотулушун талап кылган бир нече жапырт митингдерди өткөрүштү.
Саакашвили Украинанын жараны. Украинаны президенти Владимир Зеленский июль айында Орусия грузин бийлигинин колу менен Саакашвилини өлтүрүп жатканын билдирген.
Евробиримдик дагы Саакашвилинин саламаттыгы боюнча тынчсыздануусун билдирген.
Дагы караңыз
Нью-Йоркто активисттер Токаевге жана Жапаровго санкция салууга чакырыштыТаза суу талап кылган акцияда кармалган үч кишинин соту уланууда Бишкекте кыргыз-өзбек чек ара маселеси талкууланды