Бишкекте кезектеги "Китепкөй Ала-Тоо" жолугушуусу өттү

Элдар Абакиров "Китепкөй Ала-Тоо" жолугушуусунда.

Бишкекте "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун алкагында кезектеги "Китепкөй Ала-Тоо" иш-чарасы өттү. Ага бул жолу экономика министринин мурдагы орун басары, коомдук ишмер Элдар Абакиров катышты.

Жаштар менен өлкөнү өнүктүрүүнүн жолдору, китеп окуунун маанилүүлүгү тууралуу баарлашуу болгонун айтып берген Абакиров бүгүнкү күндө Кыргызстанда кыргыз тилиндеги китептердин жетишсиздиги чоң көйгөй экенин белгиледи:

“Кыргызча китеп өтө аз, чындыгында. Англис тилинде кенен. Орус тилинде деле салыштырмалуу кенен. Кыргыз тилдүү китептер боюнча мамлекет колуна албаса, көйгөй чоң. Мисалы, Орусияда мамлекет каржылаган 73 котормо агенттиги бар экен. Дүйнөдө кайсы алдыңкы бестселлер китеп же маанилүү изилдөө чыкса, тынбай которуп турушат экен өз тилине. Казакстанда ошондой 10го жакын агенттик бар экен”.

"Бир адамдан бир китеп" долбоорун 2019-жылдын башында жаш муун өкүлдөрү Бакай Акылбеков жана Эрлан Смайыл уулу түзүп, жүзөгө ашыруу усулу жана жалпы жобосу иштелип чыккан. Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылынан башталган бул саамалыкты республиканын көптөгөн айыл-кыштактарында жана шаарларында студенттер жана жаштар улантып кетишкен. Уюштуруучулар долбоордун максаты жалпы элди китеп окууга үндөө, жаркын келечекке салым кошуу жана шаарлардагы, аймактардагы, алыскы айылдардагы китептердин тартыштыгы жана китепканалардын кыйынчылыгы менен байланышкан маселелерди чечүү экенин белгилешет. Соңку жылдары Бишкектин борбордук аянтында жаштардын белгилүү ишмерлер менен "Китепкөй Ала-Тоо" жолугушуусу салтка айланып калган. (RK)