Иш-чараларда тасма көрсөтүү үчүн уруксат талап кылган жобону жокко чыгаруу тууралуу арыз Бишкектин Административдик сотунда карала баштады. 19-сентябрга белгиленген отурумга жоопкер тарап – өкмөттүн жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү келбей калгандыктан 5-октябрга белгиленгенин “Азаттыкка” “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдирди.
“Балким, кумсалар деп айтып жатышат булар. Кумсалар да адамдар, эмне кылса өзүнүн иши, негизгиси, эч кимге зыян-залакасы тийбесе. Булар цензура киргизип, контролдоюн деген эки документи бар – бирөө Конституцияга каршы мыйзам (ал боюнча биздин доо арыз Конституциялык сотто турат), экинчиси биз Административдик сотко кайрылган токтом. Бул токтом эски, ал Баш мыйзамга шайкеш келбейт. Ошончолук эле бирөө бузуп жатса эрежени, ал үчүн милиция, прокуратура бар да”.
Сөз өкмөттүн 2016-жылдын 14-октябрындагы “Аудиовизуалдык чыгармаларды порнографиялык жана чыгармачылык иштин натыйжаларынын тыюу салынган башка түрлөрүнүн категориясына киргизүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому жөнүндө болуп жатат.
“Бир дүйнө Кыргызстан” соттон бул жобону таптакыр жокко чыгарууну өтүнүүдө.
Аталган жобого ылайык, кинотеатрда гана эмес, фестивалдарда, семинарларда же башка иш-чараларда фильм көрсөтүү үчүн мамлекеттик мекемеден “прокат күбөлүгүн” алуу керек. Бул, өз кезегинде, укук коргоочулардын пикиринде, “фильмди көрсөтүүнү уюштуруучулардын өз оюн, пикирин жана ишенимдерин чектөөсүз билдирүүгө, жайылтууга болгон укугун чектейт”.
“Бир дүйнө Кыргызстан” жыл сайын адам укугун, анын ичинде азчылыктардын укугун коргоо, түрдүү себептерден улам кордолгон, мамлекеттен коргоо жана жардам ала албай жүргөн адамдардын тагдыры тууралуу тасмалардын фестивалын уюштуруп келет. (RK)