Европадагы украиналык качкындар 10 миллионго жетти

Баш калка издеген украиналыктар.

Орусия баштаган согуштан улам Европага баш калка издеп келген украиналык качкындардын саны 10 миллионго жетти. Бул тууралуу Евробиримдиктин ички рынок боюнча комиссары Тьерри Бретон Франциянын Sud Radio каналына билдирди.

Бретон качкындарды кабыл алууга Польша, Венгрия жана Чехия жигердүү катышып жатканын айтты. Анын белгилешинче, Чехияда эле украиналык бозгундар 440 миңди түзөт.

Буга чейин Еврокомиссия Орусиянын Украинага агрессиясынан качкан адамдарды убактылуу коргоо механизмин 2024-жылдын 4-мартынан 2025-жылдын 3-мартына чейин узарткан.

Украиналык качкындарды убактылуу коргоонун бир жылдык механизми алгач 2022-жылдын 4-мартында күчүнө кирип, кийин дагы бир жылга узартылган эле.

Качкындарга Европа Биримдигинде жашоого, иштөөгө, балдардын билим алышына, социалдык, медициналык жана башка жардам түрлөрүн алууга укук берилет.

Орусия былтыр 24-февралда Украинага кол салган. Муну Москва "атайын операция" деп атоодо. Дүйнө коомчулугу Кремлди агрессор катары айыптап жатат.

Дагы караңыз

Тоолуу Карабак: Эки өлкөнү эрегиштирген аймак"Демократиясыз эле жашаганбыз". Кененсаровдун келегей кеби Айпери Медет кызы Париж Олимпиадасына жолдомо алды