CPJ орус бийлигин 24.kg сайтына салган бөгөттү алууга чакырды

24.kg сайты.

Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети орус бийлигин кыргызстандык 24.kg жана тажикстандык Payom басылмасына койгон бөгөттү алууга чакырды. Уюм ошондой эле Украинадагы согушту чагылдырган эркин медиаларга каршы цензураны токтотууга үндөдү.

“Орусиянын чет элдик медиаларга каршы санкциялары - өз элине Украинага басып киргени боюнча көз карандысыз маалыматтарды жеткирбөө үчүн жасаган аргасыз аракети. Орусияда чоң аудиториясы бар борборазиялык ЖМКларды бөгөттөө жана жабууну талап кылуу орунсуз. Чет элдик ЖМКларга каршы бардык цензуралар тезинен токтотулушу керек”, - деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын Нью-Йорктогу координатору Гүлноза Саид.

Роскомнадзор 24.kg сайтынын жаңылыктар бөлүмүнө бөгөт койгону 13-сентябрда белгилүү болгон. Басылма өткөн жылы күзүндө Роскомнадзордон айрым кабарларды өчүрүүнү талап кылган бир нече кат келгенин жазган. Ал кыска кабарлардын бардыгы Украинадагы согушка байланыштуу болгон. 24.kg Кыргызстандын мыйзамдары бузулбаганын белгилеп, кабарларды өчүрүүдөн баш тарткан.

CPJ Роскомсвободанын маалыматына таянып, 24.kg жана Payom сайттарын чектеген чечимдер 2022-жылдын ноябрында жана 2023-жылдын майында кабыл алынганын, бирок алар 12-сентябрда гана аткарылганын жазды.

2023-жылдын жарымында Роскомнадзор Орусияда 885 миңден ашык сайтты бөгөттөгөн. Андан тышкары миллиондон ашуун макалага өзүнчө бөгөт коюлган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 85% көп экенин "Коммерсант" басылмасы жазган.

Дагы караңыз

Баку Тоолуу Карабакта "антитеррордук операция" баштаганын жарыяладыКызылча менен ооругандар бир айда дээрлик 400гө көбөйдү Президент Жапаров БУУнун саммитинде мөңгүлөрдү сактоо маселесин айттыG7 уюму Кытайдан украин маселеси боюнча Орусияга таасир этүүнү суранды