Ленин округу: шайлоонун жыйынтыгы ушул аптада жарыяланат

Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.

Бишкектеги Ленин шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун расмий жыйынтыгы 1-2 күндүн ичинде чыгарылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов 19-сентябрда “Азаттыкка” билдирди.

“Бүгүн, эртең чыгарышыбыз керек. Жумушчу топтор акыркы келип түшкөн арыздарды карап, жыйынтыктады. Эми жалпы жыйынга чыгарылат. 1-2 күндүн ичинде расмий жарыялайбыз”, - деди Бекматов.

Аталган округда 10-сентябрда өткөн кайра шайлооонун баштапкы жыйынтыгы боюнча Кубанычбек Самаков 26,14% добуш менен алдыга чыккан. Экинчи орунда Русланбек Тагаев 18,99%, үчүнчүдө 13,04 % добуш менен Аскар Алмаз уулу келатат.

Округда биринчи жолу кайра шайлоо 2021-жылы шайланып келген Жаныбек Абиров депутаттык мандатын өз ыктыяры менен тапшыргандан кийин жарыяланган. Ал мандатын Бишкек шаарындагы кафелердин биринде мушташка катышып, күзөтчүлөрдүн бирин сабап салгандан кийин тапшырган.

28-майда болгон кайра шайлоонун жыйынтыгында талапкер Дамира Ниязалиева биринчи орунду ээлеген. Добуш сатып алуу боюнча кылмыш иши ачылып, Ниязалиева менен дагы бир талапкер Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылган. Анын негизинде шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. (TSh)

Дагы караңыз

Жогорку Кеңеште нандын кымбатташы боюнча маселе көтөрүлдү