Мамлекеттик символдорду туура эмес колдонгондорго чара көрүү сунушталды

Кыргызстандын желеги.

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде мамлекеттик герб жана тууну туура эмес жасап, колдонгондорго чара көрүү боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат.

Баяндамачы, экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешовдун айтымында, герб жана тууну стандартка ылайык эмес жасап саткан жеке адамдарга 3 миң сом, ишканаларга 13 миң сом айып пул салуу сунушталды.

Депутат Мейкинбек Абдалиев мамлекеттик символдорду байпак, ич кийимдерге басууга тыюу салуу керек деген пикирин билдирди.

Эгемен өлкөнүн негизги символдору болгон мамлекеттик туу 1992-жылы 3-мартта, герб 1994-жылы 14-январда Жогорку Кеңештин токтому менен кабыл алынган. Туу жана герб атайын мамлекет бекиткен стандарт менен жасалышы керек. (TSh)

Дагы караңыз

Жогорку Кеңеште нандын кымбатташы боюнча маселе көтөрүлдү