Президент Жапаров БУУнун саммитинде мөңгүлөрдү сактоо маселесин айтты

Садыр Жапаров. БУУнун саммити. 18-сентябрь, 2023-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун АКШга сапары башталды. Жапаров 18-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Туруктуу өнүгүү максаттары саммитинде сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Анда Кыргызстандын президенти уюмдун туруктуу өнүгүү максаттары өлкөнүн мамлекеттик саясатынын негизи жана улуттук стратегиясына киргизилгенин айтты.

Садыр Жапаров климаттын өзгөрүшүнүн терс таасири Кыргызстанга дагы тийип жатканын, мөңгүлөрдүн эриши, суунун деңгээлинин азайышы аймактагы азык-түлүк туруксуздугун пайда кылып, жакырчылыкты жана миграцияны күчөтүшү мүмкүн экенине токтолду.

“Мөңгүлөрдү жана тоо экосистемаларын сактоо максатында биз БУУнун колдоосу астында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча программаларды ишке ашыруу, тышкы карызды экология боюнча долбоорлорго алмашуу үчүн атайын фонд түзүү аркылуу өтө аялуу өнүгүп жаткан тоолуу өлкөлөр үчүн өзүнчө максаттуу каржылоону колдойбуз”, - деди Жапаров.

Президент Жапаров беш күндүк иш сапар менен АКШга 17-сентябрда кеткен. 19-сентябрда Башкы ассамблеянын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.

Ошол эле күнү президент Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын жана Кошмо Штаттардын президенти Жо Байдендин биринчи саммитине катышат.

Кыргыз президенти Нью-Йоркто БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш, Өнүктүрүү программасынын администратору Аким Штайнер, бир катар мамлекеттердин жана эл аралык каржы институттарынын башчылары менен жолугушары жана 21-сентябрда кыргыз-америка бизнес форумуна катышары кабарланды.

Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтык жөнүндөгү макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Жаңы келишим даярдалып жатканы бир нече жылдан бери айтылып келүүдө. (TSh)

Дагы караңыз

Мамлекеттик кызматтарда гендердик квота сакталбай жатканы сынга алынды