Орусиянын армиясы Украинанын Донецк облусуна 18-сентябрда жасаган чабуулда үч жайкын тургун мүрт кетти.
Украин Башкы прокуратурасы билдиргендей, эртең менен Авдеевка жана Торецк кыштактарынын айланасына сокку урулганда эки киши набыт болгон. Түшкө жуук Авдеевкага ракеталык чабуул жасалганда дагы бир тургун каза тапты.
Өткөн аптада Украина армиясы Донецк облусундагы Бахмут шаарына жакын Андреевка кыштагын бошотконун жарыялаган. Жекшембиде Клещеевка конушу да бошотулганы маалымдалган, бирок 18-сентябрда кыштакта айыгышкан салгылаш уланып жатканын Украинанын Куралдуу күчтөрү ырастады. Ушул күнү өзүн "Донецк элдик республикасы" деп атап алган аймакка Орусия дайындаган жетекчи Денис Пушилиндин администрациясында өрт чыкканын Телеграм каналдар кабарлашты.
Дагы караңыз
Донецк: облустук администрацияда өрт чыктыТИМ Литва чек арасында кыргызстандыктар азайганын билдирдиНью-Йоркто глобалдык ысыкка тынчсыздангандар жүрүшкө чыкты