Кыргызстанда сасык тумоолоп, дарыгерге кайрылгандар көбөйгөнүн бүгүн 18-сентябрда “Азаттыкка” Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, катталган бейтаптардын саны үч миңге чукулдап, жалпы көрсөткүч бир апта мурдагыга салыштырганда 30% жогорулады.
Ооругандардын 67,3% 14 жашка чейинки балдар.
Дарыгерлер сасык тумоонун көбөйүшүнө аба ырайы салкындап, адамдын организминин коргонуу күчү төмөндөшү жана көпчүлүгү ооруганда жатып дарыланбай, башкаларга жугузуп жүрө бериши менен байланыштырууда. (RK)
Дагы караңыз
Түркияда кырсыкка кабылган кыргызстандык учкучтардын биринин сөөгү табылды Мигрант жашоо: Кайын журт менен калган келиндерКайыпов: Эне тилди өздөн чыккан жаттар өнүктүргөн эмес