Украин аскерлери Клещеевка айылын бошотту

Украин аскерлери жекшембиде Донецк облусундагы Клещеевка калктуу пунктун бошотконун билдирди. Айыл орусиялык күчтөр ээлеп алган Бахмуттун түштүк тарабында жайгашкан. Клещеевка үчүн кандуу кармаштар бир нече ай жүрүп, айыл толук талкаланган.

Айыл украин күчтөрүнүн колуна өткөнүн Аскерлердин чыгыш топторунун пресс-кызматынын жетекчиси, капитан Илья Евлаш "Украин чындыгына" билдирди. Украин аскерлери айылда турганы тартылган видео дагы жарыяланды.

Украинанын президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак Клещеевкада храмдын жанында турган аскерлердин сүрөтүн жарыялады. Айылдын бошотулганын президент Владимир Зеленский дагы кечки кайрылуусунда билдирди.

Клещеевка - Бахмуттун алдындагы украин күчтөрү кайра алган экинчи айыл. Буга чейин анын жанындагы Андреевка айылы бошотулган.

Айыл көп айлык кармаштан кийин урандыга айланган Бахмуттан бир канча чакырым алыс түштүктө жайгашкан.

Бир катар орусиялык аскердик Телеграм-каналдар шаршембиде орусиялык аскерлер Андреевканы жана ага коңшу Клещеевканы таштап кеткенин билдирген.

Алар эки айыл тең ортодогу зонада турганын, эч ким көзөмөлгө албаганын жазышкан.

Украин аскерлеринин кыштактарды алганы Бахмутту жана бир катар маанилүү жолдорду кайтарып алууга жол ачышы мүмкүн.