Кыргызстанда орточо айлык 32 миң сом деп эсептелди

Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана коммерция министрлигинин эсептөөсүнө ылайык, Кыргызстанда орточо эмгек акы (чакан ишканаларды кошпогондо) 32 миң 146 сом болду. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылган.

“2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27,2% өстү, эми анын реалдуу өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен 13.2% жогорулады”, - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев 15-сентябрдагы маалымат жыйында өлкөдө жашоо минимуму 6813 сомду түзөрүн айткан.

Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч. (TSh)

Дагы караңыз

ДСУ: COVID-19 кайдан чыкканын аныктоо үчүн Кытайдан толук маалымат керек Москвага жана аннексияланган Крымга дрон менен чабуул коюлду Украина: Одесса, Харьков облустары чабуулга кабылды