18-сентябрдын аба ырайы

Кыргызстан. Алай.

18-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолорунда жаан жаайт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 22…27;

Талас жергесинде түнкүсүн 4...9, күндүз 21…26;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 17...22;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндүз 4...9.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 24…26 градус болот.