Ошто былтыр Баткенде курман болгон жоокерлерди эскеришти

Ош. Эскерүү иш-чарасы. 2023-жылдын 16-сентябры.

Бүгүн, 16-сентябрда Ошто бир жыл мурда кыргыз-тажик чек арасында курман болгон аскер кызматкерлери эскерилди. Эскерүү иш-чарасы шаардагы Чек ара кызматынын 2024 аскердик бөлүгүндө өттү.

Былтыркы Баткен окуясында Ош облусунан алты аскер каза тапкан. Бүгүнкү эскерүүгө маркумдардын жакындары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышты.

Бул күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында кыргыз-тажик чек арасында былтыркы кандуу кагылышта набыт кеткендерди эскерип жатышат.

Кыргыз-тажик чек арасы такталып бүтө элек болгондуктан, ортодо куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

2021-жылы апрель айында 36 кыргызстандык курман болгон, тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий жарыяланган.

2022-жылкы сентябрь айындагы кагылышта Кыргызстан бери дегенде 75 жаранынан айрылган, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын билдирген.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын расмий маалыматына караганда, былтыр 14-сентябрда башталып, 19-сентябрда басылган окуяда каза тапкан 75 кыргызстандыктын 51и аскер кызматкери, алардын 42си чек арачы болгон.

Былтыр курман болгон аскер кызматкерлеринин төртөөнүн сөөгү Бишкектин четиндеги "Ата-Бейит" көрүстөнүнө коюлган. (DSh)