Беларус жемкорлукту иликтеген уюмду экстремисттик деп тааныды

«Белорус иликтөө борборунун» жетекчиси Станислав Ивашкевич.

Беларуста көз каранды эмес иликтөөлөрү менен таанылган «Беларус иликтөө борбору» уюму өлкөнүн Башкы прокуратурасынын сунушу менен экстремисттик деп таанылды. Уюмдун ишмердүүлүгү боюнча маселе сотто 15-сентябрда Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (КГБ) өкүлдөрүнүн катышуусунда жабык каралды.

Прокуратура өзүнүн сунушунда аталган уюм «коомдо чыңалууну атайылап курчутуп, мамлекеттик бийлик органдарынын ишине каршы маанай жаратып, Беларустун эл аралык аренадагы аброюна шек келтирип жатканын» белгилеген.

Соттун мындай чечимине жооп катары эми иликтөөчүлөр ишин мындан да күчөтөрүн, материалдарын орус жана англис тилдеринде да көбүрөөк тарата баштай турганын айтышты.

Чехияда катталган уюм 2018-2021-жылдары беларус аткаминерлери арасындагы коррупцияны ашкерелеген иликтөөлөрү үчүн төрт жолу «Эркин сөз» сыйлыгына татыган. (RK)