Еврокомиссия Украинадан дан сатып алууну чектеген чечимин узарткан жок

Иллюстрациялык сүрөт.

Европа Комиссиясы Украинадан дан азыктарын алып кирүүгө тыюу салган чечиминин мөөнөтүн узарткан жок. Эмбаргонун мөөнөтү 15-сентябрда аяктады.

Украина дан азыктарынын коңшу рынокко көзөмөлсүз көлөмдө өтүшүнө жол бербөө үчүн экспорттук лицензиялоо сыяктуу укуктук чаралар 30 күн ичинде иштелип чыгарын убада кылды.

Ага чейин украин бийлиги Европа Биримдигине мүчө болгон коңшу өлкөлөрдүн рыногунда айырмачалык жаралбашы үчүн товарлардын төрт түрүн экспорттоону көзөмөлдөө боюнча натыйжалуу чараларды көрүшү зарыл болот.

Европа Комиссиясы Украинанын натыйжалуу чаралары иштеп турган чакта эч кандай чектөөлөрдү киргизбей турганын убада кылууда.

Буга чейин Болгария өкмөтү эмбаргону алып салган. Польша, Румыния анын мөөнөтүн узартууну караштырып жатышат. Ал эми Венгрия, Словакиянын өкмөттөрү Еврокомиссиянын чечимине карабастан Украинадан буудай, күн карама, жүгөрү, рапс данын алып кирүүгө тыюу салган чечимдин мөөнөтүн узартып коюшту.

2022-жылдын май айында Евробиримдик Украинага колдоо көрсөтүү максатында анын дан азыктарын сатып алуудагы айрым төлөмдөрдү жокко чыгарган жана жеңилдиктерди берген. Мунун айынан айыл чарба продукциясын өндүрүүчү жергиликтүү фермерлер Украинанын арзандатылган товарынын айынан атаандаштык жаралып, иши жүрбөй калганын айтып, нааразылыгын билдирип чыккан учурлар болгон. (RK)