Финляндия орус номуру бар унааларды өлкөгө киргизүүгө тыюу салды

Финляндия менен Орусиянын чек арасы.

Финляндиянын өкмөтү орус номуру тагылган автоунааларды өлкөгө киргизүүгө тыюу салды.

Чектөөлөр 16-сентябрдан тарта күчүнө кире турганын Yle Улуттук телерадиокомпаниясы маалымдады. Буга чейин кирген автоунаалар алты ай ичинде өлкө аймагынан чыгарылышы керек. Ошол эле учурда бул тыюу салуу Евробиримдиктин жарандарына, дипломатиялык өкүлчүлүктө иштегендерге жана Финляндияга гуманитардык миссия менен кирген адамдарга колдонулбайт.

Буга чейин Латвия, Эстония жана Литва ушундай тыюу салган. Вильнюс Калининградга бараткан же келе жаткан машинелерге гана уруксат берет.

Азырынча Польша гана мындай чектөө киргизбеген, Евробиримдиктеги Орусия менен чектешкен жалгыз өлкө болуп калды.

Дагы караңыз

Ташиев эгер Тажикстан чек ара дооматынан баш тартпаса, Кыргызстан дагы жаңы документтерге таянып, доомат коерун айттыПрезидент Жапаров музыкалык мектепке күтүүсүз барып текшердиКуба бийлиги жарандарды согушка жалдоого уруксат жоктугун билдирдиШнобел сыйлыгынын ээлери аныкталды"Шинжаңда кыргыз, казак, уйгурларды мажбурлап кытайлаштыруу жүрүүдө"