Куба бийлиги жарандарды согушка жалдоого уруксат жоктугун билдирди

Кубанын желеги илинген үй. Иллюстрация.

Кубанын Тышкы иштер министри Бруно Родригес мамлекет өз жарандарына жалданма катары согушка катышууга уруксат бербей турганын айтты. Ал жалданмачылык жана адам аткезчилиги үчүн кылмыштын оордугуна жараша Кубанын жарандары узак мөөнөткө түрмөгө кесилиши же өлүм жазасына тартылаарын эске салды.

Кубанын Москвадагы элчиси Хулио Антонио Гармендиа Пенья бейшемби күнү Орусиянын мамлекеттик РИА Новости агенттигине "Куба бийлиги адамдарды мыйзамдуу жол менен жалдоого каршы эместигин" билдирип, анын сөзү талаш жараткан эле.

7-сентябрда Куба бийлиги Украинадагы согушка катышуу үчүн орус армиясына жарандарды тарткан деген шек менен 17 киши кармалганын жарыялаган. Алардын баары камакка алынганын өлкөнүн ички иштер министри Сезар Родригесге таянып Reuters агенттиги жазган. Ички иштер министрлиги адам аткезчилиги менен алектенгендер Орусиядан келгенин белгилеген.

Май айынын аягында "Рязань ведомости" гезити бир нече кубалык жаран Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, Украинага согушканы кеткенин жазган.

Дагы караңыз

Ооганстан менен Пакистандын ортосундагы негизги чек ара пункту ачылды Энергетика министри кандай шартта электр жарыгы өчүрүлөрүн айттыМинистр Кыргызстанда өнөктөштүк төрөт токтотулганын билдирди"Гетто түзүлбөшү керек". Путин мигранттар маселесине кайрылды