Украинанын Башкы штабы Андреевка кыштагы бошотулганын тастыктады

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Бахмуттун жанындагы Андреевка кыштагы орус күчтөрүнөн бошотулганын жума күнү эртең менен ырастады. Ошондой эле Клещеевка кыштагында жарым-жартылай ийгиликке жеткенин маалымдады.

14-сентябрда коргоо министринин орун басары Анна Маляр Андреевка бошотулганын жарыялаган. Анын артынан эле ал жакта салгылашып жаткан бригада "бошотулду" деп айтууга эрте экени билдирген.

Андреевка - Бахмуттун жанындагы украин аскерлери орус күчтөрүнөн кайтарып алган биринчи кыштак.

Бахмут - Украинадагы уруштун кандуу чордонуна айланган. Ал аймакты Орусиянын жалданмалары - "вагнерчилер" ээлеп алгандан бери украин армиясы каармандык менен кармашып жатты.

Орус аскерлери Андреевкадан жана коңшулаш Клещеевкадан чыгып кете баштаганын орусиялык бир катар Телеграм каналдар шаршембиде кабарлашкан.

Дагы караңыз

Кесиптик лицей, коллеж жетекчилери сынак менен тандалатУулу бала бакчада ыдык көргөнүн айткан эне милицияга кайрылды"Гетто түзүлбөшү керек". Путин мигранттар маселесине кайрылды