Ливияда сел курмандыктары 20 миңге жетиши мүмкүн

Селден кийинки көрүнүш. Дерна шаары.

Ливияда селде курман болгондордун саны 18-20 миңге жетиши мүмкүндүгүн Дерна шаарынын мэри Абдулменам ал Гайти билдирди. Калаа башчысы мындай божомолду сел жууп кеткен жерлердин масштабына салыштырып айтканын Reuters агенттиги 14-сентябрда жазды.

Ал эми AP агенттиги Ливия өкмөтүнө таянуу менен 5500 адамдын өлүмү тастыкталганын, дагы 9000 чамалуу киши дайынсыз экенин билдирди.

7-сентябрда башталган нөшөр, ага кошумча 10-сентябрга караган түнү Жер Ортолук деңизи тараптан каптаган "Дэниел" бороонунан Ливиянын чыгышы өзгөчө жабыркады. Күбөлөрдүн белгилешинче, суунун агымы эки дамбаны бузуп кеткен. Табият кырсыгы 125 миң калкы бар Дерна шаарынын төрттөн бир бөлүгүн жарактан чыгарды.

Египет, Алжир, Палестина, Түркия, Кувейт, Катар, Италия жана АКШ Ливияга материалдык-каржылык жардам көрсөтүүдө.

Дагы караңыз

Ливиядагы апаат: беш миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылдыГермания: Украин качкындарды баккан, президенттин сыйын көргөн Мунара Кыргыз-тажик чек арасы: Достуктагы жаңы жашоо